Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет “Эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен таза кандуу жана асыл тукум жылкыларды каттоо (эл аралык сертификаттоо) жана эсепке алуу тутумун ишке киргизүү жөнүндөгү” Жогорку Кеӊештин 2021-жылдын 16-июнундагы токтомунун аткарылышын көзөмөлдөн алуу маселесин карайт. Ошондой эле суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурулмакчы.
Социалдык саясат боюнча комитетинин бүгүнкү, 16-январдагы отурумунда “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторун, имараттарын, орун жайларын жана курулмаларын кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору да талкууга чыгарылат.
Европа чөлкөмүнө товар ташыган жеке ишкерлерди колдоого чакырган депутат Айбек Осмонов, - алар үчүн керектүү шарттарды түзүү зарылчылыгына токтолду.
СНХ.А.ОСМОНОВ
Суусамыр айылынын дыйкандары менен жолугушкандагы айтылган маселелерге токтолгон депутат Нурланбек Азыгалиев, - “Аталган өрөөнгө эгилген арпанын айрым сорттору былтыр түшүм бербей, көпчүлүк дыйкандар зыянга учураган. Бул боюнча атайын комиссия чакырылып, үрөн сапатсыз экени аныкталган. Бул тууралуу түзүлгөн актылар бар. Бирок негизги бир бөлүгү боюнча гана компенсация төлөнүп, калган чыгым азыркыга чейин жабылбай келе жатат. Андыктан маселени иликтеп, дыйкандарга көмөк көрсөтүү зарыл”, – деди.
СНХ. Н.АЗЫГАЛИЕВ
Депутат Таалайбек Масабиров «Ак-Кула» ипподромун реконструкциялоо иштери 5 жылдан бери чечилбей келе жатканын айтып, ошол эле учурда аталган объектти оңдоп-түзөө жумуштары маданияттын жана улуттук ат оюндарынын өнүгүшүнө чоң салым кошоорун белгиледи.
СНХ.Т.МАСАБИРОВ
Бишкек шаарындагы айрым конуштар менен кээ бир көчөлөр таштандылардан тазаланбай калууда. Жумалап жыйналбай жаткан жагдай боюнча жоопкер тарап табылабы? –деген суроону депутат Эльвира Сурабалдиева парламент отурумунда айтып чыкты.
СНХ.Э.СУРАБАЛДИЕВА
АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ
Бүгүн, 16-январда Ысык-Көл областында кар жаайт. Калган башка аймактарда күн ачык болот. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Талас:-11...-16, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад, Баткен:-9...-14, Нарын:-13...-18 градус суук болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-январда кар жаабайт. Багыты өзгөрмөлүү шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы -12...-14 градус суук болот.
Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеңештин жыйыны өтөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдагы шилтемеде
Толук окуу...Төрага Н.Шакиев, - "Каржы министрлиги мугалимдердин жайкы эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттар даярдалып жаткандыгын кабарлады" - дейт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 24-майдагы жыйынында Жогорку Кеңеш “Жаштар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 23-майда Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет Чүй областында көчмө жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 22-майда Социалдык саясат боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчу окууга алып чыгат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...Бүгүн, 19-майда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматын угат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде
Толук окуу...