Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталган эки долбоор каралды

25-01-2023
18:09

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ““Дене тарбия жана спорт жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Нурбек Сыдыгалиев, Мирлан Самыйкожо, Шайлообек Атазов, Русланбек Жакышов, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Сүйүнбек Өмүрзаков, Марат Мураталиев, Ырысбек Атажанов, Айбек Алтынбеков, Фарходбек Алимжанов, Уланбек Бакасов, Таалайбек Масабиров, Акылбек Түмөнбаев, Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы, Айбек Маткеримов, Эмил Жусупов, Улугбек Ормонов, Фархад Исмаилов, Гүлшаркан Култаева, Алишер Козуев, Бахридин Шабазов тарабынан демилгеленген.

Ушундай эле аталышта дагы бир мыйзам долбоору Жусупбек Коргонбай уулу, Шайлообек Атазов, Шаирбек Ташиев тарабынан сунушталган.

Биринчи мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган Айбек Маткеримов: “Долбоор аркылуу чемпиондор жана байге ээлери үчүн сыйлыктардын суммаларын, ошондой эле машыктыруучуларга жана врачтарга бөлүштүрүлүүчү сыйлыктардын жана пайыздардын көлөмүн бир жолку акчалай сыйлыктардын мурдагы төлөмүнөн кем эмес белгилөө сунушталууда”, – деди.

Ал эми экинчи мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Шайлообек Атазов долбоор аркылуу берилүүчү сыйлыктардын суммасы көрсөтүлүп жатканын билдирди.

Тагыраагы, Олимпиадалык, Паралимпиадалык жана Азиялык оюндарында алтын медаль алгандарга 10 млн сом, күмүш медаль алгандарга 7 млн сом, коло медаль алгандарга 5 млн сом берүү сунушталууда. Андан тышкары, спортчунун акчалай сый акысынын суммасынан башкы машыктыруучуга – 30%, улук жана жеке машыктыруучуларга – 25%, биринчи машыктыруучуга жана медициналык кызматкерлерге – 10% өлчөмүндөгү бир жолку сый акылар белгиленген.

Жыйында сунушталган мыйзам долбоорлорун экинчи окууда бириктирүү зарылчылыгы айтылып, кабыл алынды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү