Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Жамааттык келишимдер жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралды

23-06-2022
15:54

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Жамааттык келишимдер жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору менен «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына тактоо киргизилип, анда кесиптик бирликтин мүчөсү болуп саналбаган кызматкерлер келишимдик негизде кесиптик бирлик органына жамааттык сүйлөшүүлөрдүн, жамааттык келишимди, макулдашууну түзүүнүн, өзгөртүүнүн, толуктоонун жана алардын аткарылышын контролдоонун жүрүшүндө алардын кызыкчылыктарын көрсөтүүгө ыйгарым укук берилиши мүмкүн экендиги белгиленет. Бул тактоо жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө кесиптик бирликтер менен кесиптик бирликке мүчө болбогон кызматкерлердин ортосундагы өз ара мамилелердин формасын жөнгө салууга жана аныктоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле жамааттык келишимдердин мазмунуна карата талаптарды жөнгө салуучу «Жамааттык келишимдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 12-статьясында жамааттык келишимдин шарттарына дем алыш жана майрам күндөрүндө иштөөгө байланыштуу жоболорду киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөр киргизилет.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү