Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды

23-06-2022
15:36

Бүгүн, 23-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова белгилегендей, мыйзам долбоору курчап турган чөйрө үчүн коркунучтуу заттардын тизмеси «КР күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелеринде» (2019-жылдын 29-октябры № 576 КР Өкмөтүнүн Токтому) мурдатан аныкталгандыгын эске алуу менен уулуу таасир этүүчү заттардын бирдиктүү аныктамасын колдонууну сунушталат.

Долбоор кооптуу өндүрүш объекттеринин тизмесинен, аттракциондор колдонулган объектилерди, ошондой эле турак жайларды, өндүрүштүк эмес имараттарды жана курулмаларды газ менен камсыз кылууга арналган төмөнкү жана орточо басымдагы жаратылыш газын же суюлтулган көмүр суутек газынын төмөнкү жана орто басымдагы газ бөлүштүрүүчү тармактарын жана газ керектөө тармактарын чыгарууну сунуштайт. Аталган объекттер өндүрүштүк объекттерде иштетилбейт жана мыйзамда көрсөтүлгөн кооптуу өндүрүштүк объект түшүнүгүнө байланыштуу коркунучтун белгилери жок.

Ошондой эле мыйзам долбоору туруктуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер, лифттер колдонулуучу объектилердин багытын аныктоону карайт. мыйзамдын өнөр жай коопсуздугуна багытталгандыгына байланыштуу, кооптуу өндүрүштүк объекттерге өнөр жайлык багытта гана колдонулган стационардуу орнотулган жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду, аркан жолдорду, фуникулерлорду, лифттерди киргизүү сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Арсланбек Малиев Кумтөр алтын кени тууралуу сөз кылып, экология тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми эл өкүлү Марат Мураталиев апта ичинде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитет тоо-кен тармагында иштеп жаткан компаниялардын ишмердиги менен таанышуу максатында Талас жана Жалал-Абад облустарында көчмө жыйын өткөргөнүн айтып, орто жана кичи кендердин бюджетти толтуруу үчүн чоң потенциалы бар экендигине көңүл бурду.

«Эмнегедир Кумтөр менен Жерүйдү гана карап жатабыз, бирок бюджетти толтурууга башка көптөгөн кендер бар. Мисалы, Чаткал районунунда жайгашкан Жамгыр, Куру-Тегерек жана башка чет элдик компаниялар иштеткен кендерди кыдырдык. Алардагы алтындын жана башка баалуу металлдардын запасы ондогон тоннага бааланууда, бирок азырынча биз аларды өздөштүрүүдөн сезилээрлик таасирин көрө элекпиз», - деген депутат ушунча кен байлык менен өлкө бюджети эмнеге толбой жатканына кызыкты. Эл өкүлү ошондой эле алтын өндүрүүчү «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө токтолду. «Бул компания 50 чакырым жолду реконструкциялоонун ордуна алтын кенин иштетип жатат», - деди М.Муратбеков.

Ал эми депутат Кундузбек Сулайманов Иштамберди кениндеги калдык сактоочу жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселесине токтолду.

Эл өкүлү Жанарбек Акаев Ноокат районунда 6 миң түп арчаны кыюуга жол бербөө керектигин белгиледи. Депутат Акбөкөн Таштанбеков кендердеги калдыктарды рекультивациялоо маселесин көтөрдү. Депутат Коргонбай уулу Жусупбек Кыргызстандагы ири кендердин ишмердүүлүгүнө кызыкты.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү