Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан демилгеленип, “Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин Айнура Үсөнбекова белгилегендей, мыйзам долбоору кампа күбөлүктөрүн жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети деп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу да тиешелүү түзөтүүлөр камтылган.
Ошондой эле жыйында “Кыргыз Республикасындагы риелтордук иш жөнүндөгү”, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндөгү” мыйзам долбоорлору да үчүнчү окууда каралды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү