Түз
эфир
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максатбек Сарбагышев «Ар түрдүү маселер» саатында Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон кызуу жүрүп жатканын айтып, саламаттыкты сактоо мекемелеринин абалына жана алардын көп сандагы туристтерди кабыл алууга даярдыгына көңүл бурду.
Депутат 2022-жылдын 19-январында экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Тамчы айыл аймагына тез жардам станциясын ачуу боюнча убада бергенин эске салды. «Бирок бул маселе чечилбей келет. Ошол эле убакта туристтердин агымы көбөйүп жатат», - деди ал.
Эл өкүлү ошондой эле Чолпон-Ата райондук ооруканасына лифт куруу зарылдыгын белгиледи.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү