Бүгүн, 12-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо тарабынан демилгеленген.
Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков буга чейин берилген сунуш-пикирлер эске алынганын белгиледи.
Эскерте кетсек, сунушталган мыйзам долбоору педагогикалык кызматкерлерге карата кемсинтүү, жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана уятсыз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө билдирилген сыйлабастык мамиле үчүн жоопкерчиликти орнотуу максатында иштелип чыккан.
Мындан тышкары, жыйында “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талкууланды.
Алсак, демилгеленген мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө жана жүрүүгө тыюу салуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныктала тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү