Экологиянын тазалыгы улут саламаттыгы менен тыгыз байланышта болгондуктан, ар бир кабыл алынган токтомдордун аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзүү керек, - деген ЖК депутаты Нилуфар Алимжанова түтүн түйшүгүнөн арылуу темасын талдап, бүгүн, 22-декабрда "Парламент" радиосунда болду.
Экология көйгөйүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинде караганбыз. Парламенттин жалпы жыйынында да кеңири талкууладык. Ар бир сунуштун эске алынып, тажрыйбада ишке ашырылуусу шарт. Коюлган талаптардын жыйынтыгын кайра-кайра сурамжылоого алуу менен пайдалуу натыйжаларга жетишебиз. Болбосо, экология боюнча кабыл алынган токтомдордун бир канча талаптары дээрлик ишке ашкан эмес, - деди депутат.
Таза абаны камсыздоого жолтоо болгон себептердин бири транспорттордон чыккан зыяндуу түтүндөр. Андыктан, унаа каттамдарын иретке салуу биринчи зарылчылык болуп турат. Бул боюнча бир топ суроолорго жооп алуу үчүн парламент жыйынына чакырылган шаар жетекчилигине кайрылып, атап айтканда мэрдин коомдук транспорттордун кызматынан пайдаланаар-пайдаланбастыгын билгим келди. Кайтарылган жоопко караганда, шаар башчысы дем алуу күндөрү гана коомдук унааларга түшөөрүн айтты. Чындап келсе, эс алуу күндөрү анчалык автотыгындар пайда болбойт. Чыныгы турмуш картинасынын чыңалуусу байкалбай калышы толук мүмкүн. Ошондуктан, коомдук транспортто көп каттаган өкүл катары реалдуу картинада автотыгындар бир гана экологияга эле эмес, айдоочулардын сабырын сынаган жагдайга да айланды, - дейт эл өкүлү.
Ошондой эле Н.Алимжанова мектеп медицинасын нукка салуу, күнүмдүк колдонуудагы тамак-аштардын сапаты тууралуу да көз карашын ортого салды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү