Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Түтүн туманын таратуунун талаптары

15-12-2022
16:54

Бүгүн, 15-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынынын дээрлик басымдуу бөлүгү Бишкек шаарындагы таза абаны камсыздоо талаптарына арналды. Андагы айтылган сунуш-пикирлердин бири илимий иштерди илгерилетүү негиздерине тиешелүү болду. Мындай маалыматты баяндаган Жогорку Кеңеш депутаты Эмиль Токтошев "Парламент" радиосунда болуп, бир топ далилдерге токтолду.

Абанын булганышынын негизги себептеринин бири сапатсыз көмүрдүн жагылышы. Бул багытта илимий иштер тажрыйбаланса таза абанын тартипке келүүсүнө салым кошулмак, - деген депутат, - Арстанбек Асанов аттуу окумуштуунун Кара-Кече көмүрүн байытуу багытындагы аракетине колдоо көрсөтүлүшү керектигин айтты. Эгерде байытылган көмүр колдонулганда азыркы Кара-Кече көмүрүнүн калориясы азыркыдай 2-2,5 эмес, 7-8 деңгээлине жетмек. Аны жеке жарандар гана эмес, Бишкек ЖЭБи колдонсо да ыш каптоодон арылабыз, - деп кошумчалады Э.Токтошев.

Окумуштуулардын ою ишке ашып, жергиликтүү көмүр брикеттелсе, андан түтүн эмес, дээрлик күл деле чыкпайт. Баасы жагынан бир аз айырма болгону менен, ден соолукка жана экологияга жагымдуу жагдай жаралмак, - дейт эл өкүлү илимий изилдөөлөргө таянып.

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү