Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү чаралары талкууланууда

15-12-2022
13:12

Бүгүн, 15-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү чаралары талкууланууда.

Аталган маселе боюнча тиешелүү министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри маалымат беришти. Эске салсак, бул маселе 12-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү өз баяндамаларында абанын булганышынын негизги булактары сапатсыз көмүр, күйүүчү майлар, абанын начар инверсиясы жана туура эмес курулуштар экенин белгилешти.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев өз сөзүндө абанын булганышынын адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасири тууралуу кеп кылып, түтүн көйгөйүн чечүү боюнча чараларга токтолду. Эл өкүлү имараттарды курууда жана долбоорлоодо шамалдын багытын эске алуу, Бишкек шаарындагы жаңы имараттарды газдаштыруу маселесин чечүү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев Кара-Кече кенинен көмүрдү байытуу, тигүүчү ишканалардын калдыктарын кайра иштетүү жана бардык зыяндуу таштандыларды кабыл алуу пункттарын түзүү боюнча сунуштарын берсе, депутат Максатбек Сарбагышев абанын булганышынын негизги булактары дөңгөлөктөрдү күйгүзүү, ар кандай өндүрүштүк цехтердеги тигүү калдыктары, жеке мончолор болуп жатканын, буга байланыштуу экологиялык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарылчылыгын белгиледи.

Андан тышкары, депутат Талайбек Масабиров Бишкектеги жаңы конуштарды газдаштырууну тездетүүгө чакырып, бул маселени “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы чечиши керектигин жүйө келтирди. Ал эми “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын өкүлдөрү бардык негизги милдеттенмелер аткарыла турганын кошумчалашты.

Депутат Шайлообек Атазов болсо экологиялык нормаларды бузган субъектилерге чара көрүү керектигин айтса, депутат Тазабек Икрамов Бишкек ЖЭБиндеги катуу отундун сапаты боюнча маселени көтөрдү. Ошондо эле депутат Алишер Козуев абанын булганышы менен күрөшүүдө жаңы технологияларды колдонуу керектигин сунуштаса, депутат Медербек Алиев абанын булганышын көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу орган тууралуу сурады.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Кыргызгидромет 50 датчиктин маалыматтарынын негизинде абанын сапатын көзөмөлдөй турганын, ошондой эле абанын сапатына карата жарандык мониторинг MoveGreen компаниясы тарабынан жүргүзүлөрүн белгиледи.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү