Бүгүн, 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралып, жактырылды.
Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсия чектөө жол-жоболоруна таасир эткен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, эскирген ченемдерди алып салуу, ошондой эле 1996-жылга чейинки мезгил үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн чектөө системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.
Талкуу маалында депутат Аманкан Кенжебаев “Баатыр эне” наамына ээ көп балалуу энелердин пенсиясына кошумча 3000 сомдон каражат берүү маселесин көтөрсө, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков пенсияга чыгып, бирок иштеп жаткан кызматкерлердин пенсиясынын базалык бөлүгүн берүүнү чектөө сунушуна каршы чыгып: “Улгайган жарандардын эсебинен үнөмдөбөй эле койбойсуңарбы? Пенсиясы жетсе, алар иштебейт эле да”, – деди.
Депутат Карим Ханджеза сунушталган мыйзам долбоору пенсиянын көлөмүн, пенсионерлердин санын кыскартуу менен көбөйтүүгө багытталганын белгилеп, андан көрө калкты камсыздандыруу төгүмдөрүн төгүүгө шыктандыруу керектигин кошумчалады.
Мындан тышкары депутаттар мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөр боюнча сунуш-пикирлерин билдиришти.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү