Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды

12-12-2022
11:19

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандар жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой, сунушталган долбоор мыйзам ченемдерин оптимизациялоо жана коомдун саясий-экономикалык турмушуна катышкан улгайган жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү багытында иштелип чыккан.

Андан тышкары, тармактык комитеттин жыйынында “Ыктыярчылык иш жөнүндөгү”  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору да экинчи окууда талкууланды.

Эскерте кетсек, волонтердук ишмердүүлүккө бирдиктүү мамилени калыптандырууга багытталган бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Бакасов, Таалайбек Сарыбашев, Жаныбек Абиров тарабынан демилгеленген.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору комитет тарабынан жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү