Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Өмүрбек Бакиров: "Миграция багытындагы башаламандыктарга жол берилбеши керек"

20-05-2022
16:16

«Элдик» депутаттык тобунун кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана иш берүүчүлөрдүн мыйзамсыз иш-аракеттери талкууланды. Андагы айтылган сунуш – пикирлерди баяндап, Жогорку Кеңешке №4 Көк-Жар шайлоо округунан депутат, “Элдик” депутаттык тобунун лидеринин орун басары Өмүрбек Бакиров “Парламент” радиосунда болду.

Миграциялык иштерди теске салуу милдети Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин компетенциясына кирип калганы иштин толук натыйжалуулугун камсыздай албайт. Себеби, андагы кызматкерлер жарандардын өздүк документтерин текшерүүдө тоскоолдуктарга кабылышы ыктымал. Андан көрө, менимче, ички миграцияны Ички иштер министрлиги тейлесе таасири күчтүү болот беле? Дегеним, мындай тажрыйба башка, мисалы Россия сыяктуу мамлекеттердин тажрыйбасында жолугат. Ал эми тышкы миграцияны Тышкы иштер министрлиги көзөлгө алганы дурус болмок. Элчиликтерде миграция иштерин жолго салган бөлүмдүн болгону жакшы. Ал эми жалпы миграция саясатын Министрлер кабинети жөндөшү керек. Мындай көз караштар бул жолку талкууда туура сунуш катары кабыл алынды, - дейт депутат.

“1961 – жылдын 18 - апрелинде кабыл алынган Вена конвенциясын дүйнөнүн 195 мамлекети тааныса, ага 194ү мүчө, 1 гана мамлекет байкоочу позициясында иш алып барат. Документти жактырган мамлекеттердин катарында Кыргызстан дагы бар. Ушул эл аралык документтин негизинде иш алып барган өлкөлөрдүн элчиликтери, консулдары атайын сот процесстерине катышуу укуктарына ээ болот”, - деген эл өкүлү дүйнөлүк мисалдарга да кайрылды.

Ошондой эле парламентарий, - “Аймак – аймактардан миграциянын агымына аралашып жаткандардын так эсеби болуш керек. Бирок, ал дагы берилген жоопторго караганда так эмес. Коңшу Өзбекстандан, Казакстандан канча этникалык кыргыздар келди? Алардын аныгы эсепте жок. Отурукташкан жерлери да бейдарек. Бул жагынан ар бир иш катталууга тийиш. Кыскасы, миграция багытындагы башаламандыктарга жол берилбеши керек”, - деп кошумчалады.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү