Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Шайлообек Атазов жаңыртылган жолдун ачылышына катышты

01-12-2022
15:04

Бишкек шаарындагы  Фере көчөсүнүн Совет көчөсү тарабындагы бөлүгүнөн машина эмес, киши да өтө албай калган. Айрыкча жаан-чачында көлчүк каптаган аталган көчө таанылгыс болуп өзгөрдү. Андагы 2 чакырым келген жол асфальтталып, пайдаланууга берилди. Жолдун бүгүн ачылышы болуп, ага Жогорку Кеңеш депутаты Шайлообек Атазов катышты.

Өз сөзүндө эл өкүлү Бишкек шаарында 6 ай аралыгында аткарылган иштерге токтолуп, жолдорду оңдоодон сырткары 15 мектеп курулгандыгын да жакшы жылыш, - деп баалады. Жалпы Бишкек шаарынын социалдык – экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго, бүгүн ачылышы болгон Фере көчөсүнүн оңдоп –түзөлүшүнө жигердүү катышкан жеке жарандарга да ыраазычылык билдирди. Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык кат тапшырды. Депутат ошондой эле иш чарага келген жергиликтүү тургундардын суроолорун угуп, айтылган маселелерди чечүү жолдорун түшүндүрүп берди.

Пайдаланууга тапшырылган жолдун боюна эми жол белгилерин орнотуу иштери калды. Кулагы начар уккан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын  мектеп – интернатындагылар да дал ушул Фере көчөсүнөн өтүшөт. Канча жылдап кароосуз калган бул жолдун сапатсыздыгынан жол кырсыктары да катталып келген. Эми жолдун ишке кириши менен бир топ маселелер чечилип, элге ыңгайлуулук жаралды, - деди депутат бүгүнкү иш чара тууралуу “Парламент” радиосунун угармандарына маалымат берип.

Ушул эле бүгүнкү иш чарага катышкан Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, 2022-жылы Бишкек шаары боюнча 175 көчөнүн жолдору оңдолуп, 22 көчөнүн жолдоруна асфальт төшөлгөн. Жол жумуштарына жалпысынан 800 млн. сом сарпталган. Ал эми алдыдагы 2023-жылдын жаз айларына чейин да ордо калаанын бир топ көчөлөрү анализделип чыгат. Жолдордун сапаттуу болушу автотыгындардын азайышына да жардам берет.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү