Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Окутуунун 12 жылдык формасына даярбызбы, же чабалбызбы?..

19-05-2022
15:04

Билим берүү тармагындагы мектеп программасын 12 жылдыкка өткөрүү зарылчылыгы канчалык? Эгер чындап эле учур талабы ушул маселенин актуалдуулугун жаратса анда даярдык маселеси кайсы этапта? Ушул суроонун айланасында ой бөлүшүп, Жогорку Кеңешке “Ынтымак” фракциясынан депутат, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы бүгүн, 19 – майда “Парламент” радиосунда болду.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуу мөөнөтүн узартуудан мурда мектептерди текши текшерүүдөн өткөрүп, инвентаризация иштерин колго алуу керек. Чатыры чачылып кеткен Чаткалдагы мектептин авариясындай абал жаралбашы керек.

Мектеп эле эмес, алардын спортзалдары дагы талаптагыдай болушу керек. Реформалык кадамдарга баруунун алдында жалпы республика боюнча 2236 мектептин абалын карап, инвентаризациялоонун жыйынтыгын министрлик Жогорку Кеңешке маалымдасын, - деген протоколдук тапшырма берилди. Эми анын жообун жакында угабыз, - деди эл өкүлү.

2002 – жылы эле мектептеги билим берүү мөөнөтүн 12 жылдык кылып өзгөртүү тууралуу сөз болуп, бирок токтоп калган. Эч деле даярдык көрүлгөн жок сыяктуу. Ал эми коңшу Казакстан ошол тартипке таянып, 10 жылдан бери 12 жылдык билим берүү системасына өтүү камылгасын көрүп келе жатат. Алардын планы боюнча бул реформа Казакстанда 2023 – жылы ишке ашырылат, - деп күтүлүүдө. Коңшулардын ушундай аракеттерине салыштырмалуу биз азырынча толук даяр эместейбиз, - деп кошумчалады А.Исатбек кызы.

Чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларына тапшырууну каалаган жаштарыбыз болсо, алардан 12 жылдык билим талап кылынат. Бизде андай нерсе жок болгон соң, чет жерде билим алып жаткан жаштарыбыз өтүлбөгөн сабактардын айырмачылыктарын жоюуда каражат жагынан эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө аргасыз. Бул чоң эле сумма экендигин депутат мисалга келтирди.

Окутуунун 12 жылдык формасына өтүү аракети көрүлгөнү менен, ошол процессти жөндөп жолго салып кетүүгө педагогдук кадрлардын сапаты жооп береби? Аларга төлөнүүчү каражатчы? Кыскасы, тактай турган бир топ маселелер бар, - деген суроодон – суроо жараткан жагдайларга токтолгон парламентарий айым, - “Он бир жыл ичинде терең билим ала албаган балдар дагы кошулган бир жыл ичинде кыйналабы, же кыйратабы? Андыктан, маселенин күңгөй – тескейин активдүү жана кеңири талкуулоо керек”, - дейт.

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү