Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кароодо бир катар сунуштарды беришти

24-11-2022
15:45

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет угулду. Аталган маселе боюнча Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин мүчөлөрү маалымат берди.

Жыйындын жүрүшүндө Акылбек Жапаров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, республикалык бюджетти түзүү, бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана бул жааттагы эффективдүү башкаруу маселелерине токтолду.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов 2023-жылдын бюджетине «капиталдык салымдар» беренеси боюнча канча каражат киргизилгендигин сурады. Финансы министри Алмаз Бакетаев бул чыгаша статьясына 3 млрд сом өлчөмүндө каражат мерчемделгенин билдирди. Эл өкүлү пландалган каражат жетишсиз экенин белгилеп, бул сумманы 10 млрд сомго жеткирүүгө чакырды.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков аймактардагы социалдык объектилердин курулушун бүтүрүү зарылдыгын белгилеп, бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү адилеттүүлүк принцибинде жүргүзүлүшү керектигин да кошумчалады.

Депутат Кундузбек Сулайманов «Улуу Көчмөндөрдүн Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомунун тагдырына кызыкты. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоого 3,4 миллиард сом каралганын билдирди. Анын айтымында, холдингдин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышына байланыштуу каржылоо токтотулган.

Ошондой эле депутат Чолпон Султанбекова билим берүү инфратүзүмүн өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу сөз кылып, Кара-Кулжа районундагы Кебек Мамаев атындагы мектептин жаңы имаратын куруу керектигин айтты. «Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев туулган айылда жайгашкан бул мектеп 1964-жылы ашар жолу менен курулуп, ӨКМдин корутундусу менен авариялык абалга келген деп табылган», - деген Ч.Султанбекова, Баткен районунун Дара айылындагы Жаңы-Жер мектебинин жаңы имаратын куруу зарылдыгын кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү