Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 24.11.22.

24-11-2022
09:00

Бүгүн, 24-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйыны адаттагыдай эле “Ар кыл маселелер” саатынан башталат.  “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат.  Парламенттин кечээки отурумунда бул жагдайдагы темага кайрылган депутат Миргүл Темирбаева Болгарияга иш издеп барган жарандардын жагдайы тууралуу сөз кылган болчу.

                            СНХ. М.ТЕМИРБАЕВА

“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун бүгүнкү жыйындын кароосуна депутаттар Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо демилгелеп, экинчи окууга даярдап келишүүдө. “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө”  мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясы да бүгүнкү парламент жыйынынын күн тартибине Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленип жатат.  Кыргыз Республикасынын 2021-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун да Жогороку Кеңеш бул жолку отурумунда талкууга алып чыгат.

Азык – түлүк коопсуздугун  жана акыйкат атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн мыйзам долбоору парламенттин кечээки отурумунда каралып, жактырылды. Бул боюнча өз пикирин ортого салган депутат Нуржигит Кадырбеков ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча өлкөдө бирдиктүү саясат жүргүзүү керектигине токтолуп,  өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да ата мекендик товарларды чет өлкөлөргө чыгаруу боюнча чараларды көрсө жакшы болорун белгиледи.

                           СНХ.Н.КАДЫРБЕКОВ

Депутат Карим Ханджеза товар өндүрүүчүлөрдүн да, соода ишканаларынын өкүлдөрүнүн да кызыкчылыгы бирдей эске алынуусу зарыл, - деп эсептейт.

                          СНХ.К.ХАНДЖЕЗА

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 24-ноябрда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+11...+16, Талас:+10...+15,  Ысык-Көл: +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+13…+18, Нарын: +4...+9 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 24-ноябрда  жаан жаабайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +14…+16 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...