Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

"Элдик” депутаттык тобу авариялык абалдагы мектептин абалы менен таанышты

13-05-2022
16:53

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында Ош облусунун Араван районуна барып, Гүлбаар айылындагы Т.Бектенов орто мектебинде болушту. Маалыматка караганда, мектеп СССР учурунда 1928-жылы ашар жолу менен курулган. Учурда авариялык абалда. Имарат 2015-жылы катталган жер титирөөдө да жабыркаган. Аталган авариялык абалдагы мектепте азыркы тапта 550 окуучу билим алат экен.

“Элдик” депутаттык тобу жыйында катышып жаткан Финансы министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө маселени карап чыгып, Т.Бектенов атындагы мектептин имаратын “Капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен каржылана турган объектилердин тизмесине киргизүү тууралуу тапшырма беришти.

Белгилей кетсек, “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунун социалдык-экономикалык маселелерин талкуулоодо.

Анын ичинен 2022-жылга карата жазгы талаа иштеринин жүрүшү, аталган райондордун тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана Араван районундагы суу сактагычтын курулушу боюнча маселелер көтөрүлүүдө. Айрыкча, чек арага чектеш аймактардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө басым жасалууда. Ошондой эле Жаӊы-Ноокат айылдык округундагы аймактык оорукананы, Навои атындагы бала бакчаны жеринен барып көрүштү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү