Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 23.11.22.

23-11-2022
09:00

Кечээ, 22-ноябрда Төрага Нурланбек Шакиев Түркия Республикасындагы иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири курамда жолугушту. Диалог жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө,  парламенттер аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү каралат.  “Виртуалдык активдер жөнүндөгү”  мыйзам экинчи окууда талкуудан өтөт.  “Органикалык өндүрүш жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууга сунушталып жатат. “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да биринчи окууда күн тартибине киргизилген.

Депутат Жаныбек Абиров, - “Министрлер Кабинетинин түшүндүрмөлөрүнө таянсак, бюжетин тартыштыгы 35 млрд. сомду түзөт. Таңкыстыктын такталышына келгенде, бажы тармагынан жыйналчу каражат белгиленген чекке жетпей калган”, - дейт “Парламент” радиосуна курган маегинде.

                         СНХ.Ж.АБИРОВ

Таш көмүр маселесинде жергиликтүү кендерге артыкчылык берилип, кампаны камдоодо каражат аябасак, - деген депутат Мейкинбек Абдалиев, - көмүрдүн эсебине эмес, анын сапатына, калориясына көңүл бурулушу кажет, - деп белгиледи тармактык комитеттин жыйынында.

                        СНХ.М.АБДАЛИЕВ

Энергетика тутумундагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу багытында кандай иштер аткарылып жаткандыгына кызыккан депутат Мирлан Самыйкожо энергетика тармагындагы стратегиялык пландарды да тактады.

                       СНХ.М.САМЫЙКОЖО

Жакында бокс боюнча Иорданияда  өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык 4 спортчу коло медалды багындырып келишти. Кечээ, 22-ноябрда аларды  Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутат Шайлообек Атазов кабыл алды. Жолугушууга  спортчулар Адылбек уулу Эркин, Санжар Сейдакматов, Бекжигит уулу Өмүрбек келишти. Бул ирет Улуттук бокс федерациясынын аткаруучу директору Орозбек Евгачевго жана бокс боюнча Азия чемпионатынын коло байгесинин жеңүүчүлөрүнө Жогорку Кеңештин атынан ыраазычылык каттар тапшырылып, ийгиликтер кааланды.

                     АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 23-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын областтарынын көпчүлүк аймактарында кар аралаш жаан жаайт. Тоолуу райондорго кар түшөт. Калган областтарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:+9...+14, Талас:+8...+13,  Ысык-Көл: +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+11…+16, Нарын: +3...+8 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 23-ноябрда  мезгил-мезгили менен жаан жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +12…+14 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...