Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытовдун Түркмөнстандагы иш сапары башталды

12-05-2022
15:17

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге Ашхабад шаарындагы Конституция монументине гүлчамбар койду. 

Белгилей кетсек, Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Борбор Азия мамлекеттери менен Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышуу үчүн Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарына барган.

Иш сапардын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр мерчемделип, анын ичинен Төрага Талант Мамытов Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Милли Генгешинин Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Межлис Төрайымы Гүлшат Маммедова менен жолугушары күтүлүүдө. 

Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар. 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү