Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 21.11.22.

21-11-2022
09:00

Бүгүн, 21-ноябрдагы Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралат. Ошондой эле “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөгү” мыйзамдын түзөтүүлөрүнө да көңүл бурулат.

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бүгүн,  21-ноябрдагы жыйынында “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жана барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралат. “Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөгү” мыйзам  долбоору да талкууга чыгат.

Жогорку Кеңеш Төрагасынын орун басары Джамиля Исаеванын төрайымдыгы алдында Социалисттик эмгектин баатыры, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Тоо экотутумдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча: «Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо – тажрыйбалар, жетишкендиктер, келечектеги максаттар» аттуу Борбордук Азия форумунун пленардык жыйыны болуп өттү. Андагы кириш сөзүндө ал, - иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу - Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн улуттук бакубаттуулугунун эң маанилүү фактору, - деди.

                                СНХ.Дж.ИСАЕВА

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйынында  2022-жылы аткарылган, кийинки жылга карата белгиленген жумуштар тууралуу маалыматтар айтылды. Талкууда депутат Шайлообек Атазов коомдук башталышта иштеген Миграция маселелери боюнча кеңешке жогору баасын берип, тиешелүү министрликтерди биргелешип иштөөгө чакырды.      

                              СНХ.Ш.АТАЗОВ

Эмгек мигранттары туш болгон бир катар көйгөйлөрдү атаган депутат Айбек Маткеримов,- айрым мигранттардын селсаяктык тагдырга туш болгон оор жагдайына кейиди.

                             СНХ.А.МАТКЕРИМОВ

Депутат Надира Нарматова миграция багытын тейлеген өз алдынча министрлик иш алып барса туура болмок, - деген пикирин ортого салды.

                             СНХ.Н.НАРМАТОВА

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...