Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Бишкек шаарында 2022-жылдын 3-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” жана “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпирабад (Анжиан) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоору талкууланды.
Жыйын Президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Талкуу маалында депутат Талант Мамытов Орто-Токой суу сактагычы, Кемпирабад суу сактагычынын коргоо зонасы боюнча суроолорду берди. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү коргоо зонасынын кеңдиги 500 метрди түзөт деп жооп беришти.
Депутат Улугбек Ормонов Кемпирабад суу сактагычындагы суунун деңгээли жана 900-горизонт боюнча тактоочу суроолорду берип, аталган маселе Кызыл-Октябрь, Алга, Кароол айылдарынын тургундарын тынчсыздандырып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле Өзгөн районун өнүктүрүү үчүн тиешелүү фонд түзүүнү сунуштады. Камчыбек Ташиев эки тараптуу татаал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында суунун деңгээли 900гө түшүрүлгөнүн маалымдады.
Андан тышкары, депутат Эмил Жамгырчиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин тактоо туура чечим экенин, бирок ошол эле учурда экономикалык талдоо жок экенин кошумчалады. Депутаттар Адахан Мадумаров менен Нуржигит Кадырбеков эл аралык келишимдерди ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарыл экенин баса белгилешти.
Өз кезегинде юстиция министри Аяз Баетов Конституциялык сот эл аралык келишимдерге кайрылуу түшкөндө гана корутунду берет деп жооп берди.Депутат Адахан Мадумаров мындай кайрылууну Министрлер кабинети жасашы керектигин билдирди.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча эки жылдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калганына жана социалдык-экономикалык тармакта көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Бир катар депутаттар Баткен облусунун Кадамжай районунун Чечме айылындагы Чечме булагы боюнча маселени көтөрүштү. Камчыбек Ташиевдин айтымында, бул булактын статусу мурдагы бойдон калды.
Мындан сырткары, депутат Шайлообек Атазов Унгар-Тоо, Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу механизмдери боюнча суроолорду ортого салды.
Депутат Надира Нарматова болсо өлкөдөгү стабилдүүлүк менен бейпилдикти камсыз кылуу үчүн коңшу республикалар менен чек ара маселелерин чечүү керектигин баса белгилесе, депутат Камила Талиева чек арага жакын жайгашкан аймактардын жашоочулары чек арага байланышкан маселенин татаалдыгын жакшы билишээрин айтып, Тажикстан менен болгон маселелерди да чечүү керектигин кошумчалады. Муну менен катар Кемпирабад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу маселесинин чоо-жайын тактады. Депутат Өмүрбек Бакиров Өзбекстандын тургундары гана эмес, Кыргызстан дагы сууга муктаж экенин жүйө келтирип, 1970-жылдардагы тиешелүү токтомдордо каралган Сол жээк Кемпирабад каналын куруу маселесине токтолду.
Мындан тышкары жыйында келишимдерге байланышкан бир катар тактоочу суроолор узатылды.
Жыйынтыгында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, колдоо тапты.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү