Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 17.11.22.

17-11-2022
08:58

Бүгүн, 17-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынына КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу күтүлүүдө.  Бул жолку жалпы жыйында Министрлер Кабинетинин жаңы дайындалган өкүлдөрү ант беришет. Ошондой эле Кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелердин каралышы күтүлүүдө. Мыйзам чыгаруу бийлигинин бул жолку отурумун “Парламент” радиосунан түз уга аласыздар.

Кечээ, 16-ноябрда Төрага Нурланбек Шакиев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия региону боюнча шаарларды өнүктүрүү, табигый кырсык коркунучу бар аймактарды колдоо багытындагы программасынын жетекчиси Кристоф Пушту кабыл алды. Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгына жогору баасын берип, аталган каржылык мекеменин көмөгү менен бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгына токтолгон Төрага, - “Шаарларды өнүктүрүү, табигый кырсык катталуу коркунучу бар аймактардагы тобокелдиктерди азайтуу жана калк турмушун жакшыртуу жаатында демилгеленген долбоорлор Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Андан тышкары, билим берүү тармагын колдоого жана мектептерди курууга багытталган пландар артыкчылыкка ээ”, - деп белгиледи. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Айбек Алтынбеков, Улан Бакасов жана Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Хассан Накви катышты.

Шайлоочулар менен жер-жерлерде иштөө жумалыгынын алкагында Баткен областында болуп келген эл өкүлдөрү андагы соңку кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин маалыматын угууну талап кылышкан учурда, парламент спикери Нурланбек Шакиев бул боюнча атайын иш чара ушул ноябрь айынын 24-числосуна дайындалып жаткандыгын билдирди.

                                 СНХ.Н.ШАКИЕВ

Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо багытындагы маселе да Жогорку Кеңештин кечээки, 16-ноябрдагы  отурумунда каралды. Талкууда депутат Сейитбек Атамбаев, - Новосибирскидеги мекендештердин кырсыкка кабылып, кылмыш иштерине шектелип жаткандыгын көз жаздымда калтырбай, элчилик адам укуктарын коргоо боюнча маселеде чет жердеги мекендештерге укуктук жактан  негизги тирөөч болушу керек,- деди.

                                СНХ.С.АТАМБАЕВ

Жалпысынан 201 диоспоранын 135и Россиядагы мекендештердин башын бириктирет. Депутат Эмил Жамгырчиев, - “Мекендештер которгон каражаттар бюджетке жакшы колдоо. Ал эми аларга каралган кандай жеңилдиктер бар?”- деген суроону тиешелүү министрликтин өкүлдөрүнө жолдоду.

                               СНХ.Э.ЖАМГЫРЧИЕВ

Күчтүү мамлекет кайсы жараны кайсы мамлекетте жүрөт? Аларга кандай жардам керек бардыгын иретке салып системалаштырып койгондугун эске салган депутат Нуржигит Кадырбеков, - жаш улан-кыздардын чабармандык (курьердик) кызматтарда иштеп, күтүүсүз кокустуктарга кабылып жаткандыгына кабатырланды. Экстрадициялоо жагдайларына да токтолду.

                              СНХ.Н.КАДЫРБЕКОВ

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...