“Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча пикирин билдирип, Жогорку Кеңеш депутаты Айсара Абдибаева бүгүн, 16-ноябрда “Парламент” радиосунда болду.
Сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнама жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын редакциялык оңдоолорго туш болгон бөлүгүндө “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөзгө алмаштырылууда.
Жаш балдарга арналган “жасалма тамактандыруу үчүн каражаттар” деген сөздөр “тамак-аш азыктарды жана балдар үчүн азыктар” деген сөздөргө алмаштыруу жагы белгиленүүдө.
Депутат өз маалыматында токтолгондой, электрондук чылымдарды жана энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынуусу керек. Болбосо, аталган каражаттар адам организми үчүн, айрыкча өсүп келе жаткан жаш муундардын ден соолугу үчүн зыяндуу болуп саналат. Андыктан, бул маселеде "Мамлекеттик стандарт талаптары кылдат текшерүүдөн өтүүсү зарыл, - деп мыйзам долбооруна сунуш бердим", - дейт А.Абдибаева.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү