Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.11.22.

16-11-2022
09:00

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр үчүнчү окууда каралат. “Жамааттык келишимдер жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү да үчүнчү окууда талкууга чыгат. Бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору талданат. “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда сунушталууда.  “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорун Министрлер Кабинети биринчи окууда демилгелеп отурат. “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы да бүгүнкү жыйында каралмакчы.

Кечээ, 15-ноябрда Төрага Нурланбек Шакиев Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Адилет” укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталышындагы тегерек столго катышты. Өз сөзүндө Төрага Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан аймактагы өлкөлөр арасында сөз эркиндигинин деңгээли боюнча ар дайым айырмаланып келген. Андыктан, бул артыкчылыкты туура пайдаланып, сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экенин унутпашыбыз керек”, – деп белгиледи.

Жол фондун иштеткен жакшы, бирок, жол жээгин иретке салбаса чар-жайыттык чарчатты, - деген депутат Шайлообек Атазов, - “Дордой” тараптагы жол боюн каптаган көмүр сатуучулар кимге баш иерин тактады?

                           СНХ.Ш.АТАЗОВ

Жолдорду курууга жана реконструкциялоо иштерине салыктан түшкөн каражаттарды багыттаса жакшы болмок, - деген депутат Дастан Жумабеков, - кечээки парламенттик угууда жолдордун сапаттуу курулушу зарыл, - деп белгиледи.

                          СНХ.Д.ЖУМАБЕКОВ

Жол боюндагы тилкени ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер боюнча депутат Улугбек Ормонов маселе көтөрдү.

                         СНХ.У.ОРМОНОВ

Депутат Элдар Сулайманов жол жана жол жээгиндеги тейлөө объекттерин өнүктүрүү менен катар тараза тактыгы, айдоочулардын абалы маселелерине кызыкты.

                         СНХ.Э.СУЛАЙМАНОВ

                       АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 16-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областтарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын областтарынын айрым райондорунда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектери менен тоолуу райондорго кар түшөт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй:-1...+4 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл: +2…+7, Талас:+0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+3…+8, Нарын: +1...+6 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 16-ноябрда  мезгил-мезгили менен кар аралаш жаан жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 0…+2 градус жылуу болот.

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...