Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖАҢЫЛЫКТАР 15.11.22.

15-11-2022
09:00

Бүгүн, 15-ноябрда өткөрүлүүчү парламенттик угууда өлкөдөгү автомобиль жолдору жана жол курулмалары менен болгон кризистик кырдаалды жеңүү иштери талкууланат. Бул багытта “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзам долбоорунда сөз болот.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кечээ, 14-ноябрдагы жыйынында Баткен облусунун ирригациялык системасынын абалы тууралуу маселе каралды. Анда тармактык комитеттин 2022-жылдын 16-майындагы чечиминин аткарылышы боюнча сөз болду. Талкууда депутат Султанбай Айжигитов “Теке секирик” долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууга чакырып, тиешелүү дирекцияны түзүүнү демилгеледи.

                          СНХ.С.АЙЖИГИТОВ

Иштетилбей турган скважиналарды инвентаризациялоо зарылдыгына токтолгон депутат Жалолидин Нурбаев, - суу жетишпеген аймактарга насостук станцияларды орнотуу боюнча Министрлер кабинети берген убадалар унутулган жокпу?-деп суроо салды.

                           СНХ.Ж.НУРБАЕВ

Дары-дармектердин баасы кымбат. Аларга болгон муктаждыкты азыркы пенсиянын өлчөмү жаба алабы? Мындай суроону Социалдык комитеттин төрайымынын орун басары Айбек Маткеримов республикалык бюджетти талкуулоо маалында ММКФнын жетекчилигине жолдоду.

                          СНХ.А.МАТКЕРИМОВ

Орточо алып жаткан пенсиянын көлөмү ардагерлердин муктаждыктарын жаап жатабы? Маселенин маңызына Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева кызыкты.

                           СНХ.В.РАИМБАЧАЕВА

Төрага Нурланбек Шакиев кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп Алайбек Алымбаев дайындалды.  Алайбек Алымбаев 1980-жылы туулган. Жогорку билимдүү. 2005-2006-жылдардан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттын референтинен тартып,  2021-жылдын октябрынан декабрына чейин “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты кызматтык тепкичтерин басып өткөн.  

                        АБА ЫРАЙЫ ТУУРАЛУУ

Бүгүн, 15-ноябрда Чүй, Талас областтарында жаан жаап, карга айланат. Жалал-Абад областынын тоолуу аймактарына да кар түшөт.   Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл: +5…+10, Талас:+3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен:+9…+14, Нарын: +2...+7 градус жылуу болот. Бишкек шаарында бүгүн, 15-ноябрда түштөн кийин жаан жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы +7…+9 градус жылуу болот.

 

Окшош жаңылыктар

ЖАҢЫЛЫКТАР 16.01.23.

Бүгүнкү, 16 – январдагы жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет суу системасын жакшыртуу багытындагы ратификациялык мыйзам долбооруна да көңүл бурмакчы.Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 13.01.23.

Бүгүн, 13 – январда "Альянс" парламенттик фракциясы орто кесиптик билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулайт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 12.01.23.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12 – январдагы жыйыны адаттагыдай эле “Ар кандай маселелер” саатынан башталат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 11.01.23.

Бүгүн, 11- январдагы  Жогорку Кеңеш отурумунда  “Тышкы миграция жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү үчүнчү окууда каралат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 10.01.23.

Жогорку Кеңеш ишмердүүлүгүндө "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасы колдонулат. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...

ЖАҢЫЛЫКТАР 09.01.23.

Бүгүн, 9-январда Төрага Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчилери жана тармактык бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөрөт. Эми ушул аталган жана башка кабарлардын толук баяндамасы алдыдагы шилтемеде

Толук окуу...