Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорунда эске алынган сунуштар

26-04-2022
16:52

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттары демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бүгүн, 26 – апрелдеги жыйынында экинчи окууда каралды. Негизги эске алынган сунуштар тууралуу Жогорку Кеңешке “Ата - Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Надира Нарматова “Парламент” радиосуна маалымат берди.

Эл өкүлүнүн айтымында, талкуудагы мыйзам долбоорунда камтылган эрежелердин катарында шайлоочулардын кайрылууларынын негизинде даярдалган каттарга жооп берүүнүн мөөнөттөрү белгиленген. Эми ал мурдагыдай 1 ай аралыгында эмес, 14 жумушчу күнүнөн кечиктирилбестен  ишке ашырылат.

“Ар кыл маселелер” саатында айтылган суроо – талаптарды тааныштыруу убактысы баштагыдай 1,5 саат эмес, 2 саат болуп узартылып жатат. Ага ылайык, ар бир сөз алып сүйлөгөн эл өкүлү өз оюн 2 минут ичинде эмес, 3 минут аралыгында тиешелүү даректерине жеткире алат, - деп билдирди Н. Нарматова.

Ошондой эле протоколдук тапшырмаларды жүзөгө ашыруудагы жоопкерчилик депутаттардын консультанттарына эмес, Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлерине жүктөлө турган болду, - деп кошумчалады эл өкүлү.

“Депутаттын мандатын кайра чакыртып алуу тартиби да ушул регламенттин редакциясында камтылган. Ага ылайык, эгер эл өкүлү жалпы жыйындарга 10 ирет эч себепсиз катышпай калса, анда анын мандатын чакыртып алуу механизмдери ишке ашырылат”, - деди Н.Нарматова.

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү