Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Ирригациялык системаларды жакшыртууга насыялык, гранттык колдоолор көрсөтүлөт

25-04-2022
16:58

Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык келишимдерге ылайык бөлүнүүчү 19 млн. 930 миң евро каражат Араван, Кара –Суу райондорундагы ирригациялык системаларды жакшыртууга жумшалат. Ош шаарын бойлой кеткен Ак-Буура каналын модернизациялоо жумуштары да аткарылат. Бул тууралуу маселе Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда каралып, жактырууга ээ болгондугун ЖК депутаты Миргүл Темирбаева “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди.  

2017 – 2026 – жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын ирригациялык системаларын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы ошол кездеги Өкмөттүн №440 токтому менен кабыл алынгандыгын айткан депутат, - “КРда климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоорун ишке ашыруу максатында КР Министрлер кабинети ЕРӨБга кайрылган”, - дейт.

Эл өкүлүнүн баяндашынча, бул колдоонун 14 млн. 130 миң евросу насыя түрүндө берилсе, 3 млн. 740 евросу грант болуп эсептелет. Жалпы 15 жылдык мөөнөткө берилүүчү насыянын 4 жылы жеңилдетилген шарт менен эсептешилет. Иш кызыкчылыгын илгерилетүүдө консультативдик кызмат көрсөтүүлөр үчүн сырттан келген адистердин 20%ы тартылса, калган 80% адис жергиликтүү тажрыйбалуу кадрлардан турат.  Мындай кеп – кеңеш иштерине, техникалык муктаждыктарына каралган долбоордогу каражат бөлүгү 2 млн. 60 миң еврону түзөт, - деп кошумчалады М.Темирбаева.

Ошондой эле парламентарий айым, -“Эгер бул долбоор жүзөгө ашып калса 20 миң гектардан ашык өздөштүрүлбөй жаткан сууга муктаж жерлер иштетилет”, - деп белгиледи.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү