Түз
эфир
“Быйылкы жылы эле Кыргызстандын энчисине буюрган спорттун күрөш түрүнөн эле алтын медалдардын эсеби 117ге жетти. Бул улут сыймыктанчу зор жетишкендик”,- дейт Жогорку Кеңеш депутаты Шайлообек Атазов 2-ноябрь күнү “Парламент” радиосунда болуп.
Депутат, - спорттун калган түрлөрүнө болгон мамилени, улуттук генофондду жакшыртуу керек, - деп белгиледи. Ошондой эле ал, - бирдиктүү спорттук саясат жүргүзүүдө өнүккөн мамлекеттер менен тең тайлашып, иш алып баруу зарылчылыгы турат. Бул жагынан өлкө Президентинин колдоосу жакшы болуп жатат. Бир катар спорттук жайлар ачылууда. Эми спорт саясатындагы салмактуу иш алып барууда мыйзамдык талаадагы татаалдыктар да жоюлат, - деген ишенимдебиз, - деген оюн ортого салды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү