Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Аида Исатбек кызы жүргүнчүлөрдү тейлөө багытындагы маселелер боюнча "Парламент" радиосуна маек берди

20-04-2022
13:54

Белгилей кетсек, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 19-апрелдеги жыйынында “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын учурдагы абалы талкууланган.  Ага ылайык, депутат Аида Исатбек кызы "Парламент" радиосуна жүргүнчүлөрдү тейлөө багытындагы маселелер боюнча маалымат берип, маселенин өзөгүн түшүндүрдү.

“Республика боюнча болгону 8 гана автобекет иштеп жатканы айтылганда, райондордогу автостанциялардын абалына кызыктым. Бул багытта айрыкча жаңы салынып жаткан Түндүк – Түштүк альтернативдик жолун бойлой жайгашкан Жалал – Абад облусунун Тогуз – Торо районунун калкына кандай камкордук көрүлгөндүгү боюнча адистерден маалымат алдым”, - деди депутат.

Аталган райондун борбору Казарман айылында автостанция курулушу керек деген эл өкүлү: "Бирок, ага керектүү жер аянты жок. Эгер бул маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кечиктирбей чечип бере турган болсо, жеке ишкерлер жана мамлекеттин өнөктөштүк аркылуу автостанциянын курулушуна жол ачыларын адистер айтууда", - деди. 

Муну менен катар жүргүнчүлөрдү ташуудагы коопсуздукту камсыздоо жаатында көрүлгөн чаралардан тышкары, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу керектигин кошумчалады.

"Тогуз – Торо районундагы тоо боорунан кулаган майда таштар жолдогу унаа каттамдарына коркунуч жаратат. Мындай учурга кабылган көрүнүштөр жок эмес. Бактыга жараша, катталган кырдаалдан адам өмүрүнө зыян келтирген фактылар жок. Ошондой эле болсун. Антсе да, тоо этектериндеги жол боюнда тосмолорду орнотуу зарыл", - деди Аида Исатбек кызы.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү