Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Cуу менен камсыздоо тармагына жетиштүү каражат бөлүнүшү керек

01-11-2022
18:01

Депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 1-ноябрда “Парламент” радиосунда болуп, социалдык объектилердин курулушу жана реконструкцияланышы боюнча маселе көтөрүп, ичүүчү таза суунун маанилүүлүгүнө токтолду. Депутаттын маалымдашынча, 2023-жылы Кыргызстандын бүткүл аймагы таза суунун жетишсиздик көйгөйүнөн арылат, - деп мындан 5-6 жыл мурда эле айтылган. Бирок, андан берки иштин жылышы жарытымдуу эмес. Суу –бул өмүр, суу – бул жашоо. Андыктан, суу менен камсыздоо тармагынан каражат  үнөмдөө жагы  глобалдык талапка туура келбеген көрүнүш. Бул багытка болгону 400 млн. сом эле каралганы эч бир нерсеге жете бербейт.  

Ошондой эле эл өкүлү сугат суусунун ордуна да көңүл буруу зарылчылыгына токтолуп, Көк-Арт суу сактагычын куруу учур талабы болуп тургандыгын айтты.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү