Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан боюнча болгону 8 гана автобекет иштейт

19-04-2022
15:20

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин бүгүнкү, 19 - апрелдеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак - чен көзөмөл департаментинин жана “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын иши жөнүндө маалымат угулду. Андагы жалпы абал тууралуу Жогорку Кеңешке №21 - Талас шайлоо округунан депутат Бактыбек Чойбеков "Парламент" радиосуна интервью берди.

“Адистердин айткан маалыматтарына караганда, Кыргызстан боюнча болгону 8 гана автобекет калк кызматында. Демек, ал жерлерге жеңил унаалардан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустар каттайт, - дегендик. Ал эми Талас областынын борбору Талас шаарына келгенде, чоң автобустар пандемия чыккан мезгилден бери  каттамын токтоткон. Анын үстүнө алардын чек арадан өткөнү да өзгөчө эл аралык мамиледеги тил табышууларды талап кылат”, - дейт депутат.

Жеңил унааларга гана уруксаат берилген “Төө - Ашуу” жана “Өтмөк” ашууларында кырдаал кыйын. Мындай катаал жолдо жүрүүдө айдоочулар өз ишине өтө жоопкерчилик менен карап, тиешелүү медициналык текшерүүлөрдөн өткөн соң гана сапарга чыкпаса, жол коопсуздугуна коркунуч жаралышы шексиздигин айткан эл өкүлү, - оң рулдуу унаалардын жүргүнчүлөрдү ташуусуна катуу эле тыюу салынышын туура көрөт.

Ар бир сапарга чыгуучу айдоочулардын ден соолук абалы гана эмес, алар башкарган техникалык унаалардын сапатын да көзөмөлгө алуу башкы зарылчылык, - дейт Б.Чойбеков.

Ошондой эле депутат, - “Каттамдарга чыгып жаткан унаалар менчигинин түрүнө карабай, расмий автобекеттен чыгып, барчу багытындагы автобекеттин аймагына жеткени толугу менен каттоого алынып турушу керектигин, ага улай эле жүргүнчүлөрдү ташууга уруксаат алуу үчүн лицензиялык ченемдердин айрым түрлөрү сунушталып жаткандыгын”, - айтты.

Эл өкүлү андан тышкары, өткөрмө посттордогу унаалардан алынып жаткан төлөмдөр менен оор жүк ташуучу унаалардын салмагына салкын карабашыбыз керек, - деген пикирлерин да ортого салды.

 

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү