Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргызстан менен Азербайжан ортосунда аба каттамын калыптандырууга байланышкан макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды

26-10-2022
11:01

Бүгүн, 26-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Алсак, мыйзам долбоору белгиленген макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүүгө багытталган.

Тагыраагы, аталган макулдашууга эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана учуу географиясын кеңейтүү максатында кол коюлган. Көрсөтүлгөн макулдашууну ратификациялоо жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана почтаны ташуу боюнча үзгүлтүксүз каттамдарды аткарууну укуктук жактан камсыздоо үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү