Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тарыхый жайлар кароосуз калбайт

04-04-2022
17:20

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү, 4 – апрелдеги отурумунда Ысык - Көл областынын аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштардын абалы жана Ысык - Көл мамлекеттик тарыхый - маданий корук музейинин ишмердүүлүгүнө байланышкан маселени карап, 2020 - жылдын 10 - июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан бул багытта кабыл алынган токтомдун аткарылышы боюнча маалымат укту.

Маселени жеринен билген өкүл катары Жогорку Кеңешке №36 - Ысык - Көл шайлоо округунан депутат Максат Сарбагышев "Парламент" радиосунда болуп, өзөктүү маселенин өзгөчөлүктөрүн айтып берди.

Чолпон – Ата – Алматы шаарларын байланыштырган жолду куруу иштери колго алынган 2000 – жылдары тарыхый таш жазууларын сактап калалы, - деген этияттык болгон эмес. Анын айынан жол жээгиндеги тарыхый таштар максатсыз колдонулуп кеткени аз келгенсип, айрым участокторго тамдар да салынып калган учурлар чыгууда. Мындай көрүнүш болбошу үчүн тарыхый тилкелерди корукка ала албасак да, атайын белгилер аркылуу тарыхый жайлардын чек арасы такталышы шарт, - дейт депутат. 

Тарыхый жайлардын башкы планын түзүүгө керектелчү каражат маселесин чечүү кайра эле чоң аракетти талап кылат. Себеби, айылдардын да түзүлө турган башкы пландары оңой эмес ири суммаларга муктаж, - деди эл өкүлү.

Чолпон – Ата шаарындагы тарыхый – край таануучу музей шаардын чок ортосунда жайгашып, келген меймандардын кызыгуусун арттырган жайлардын бири. Бирок, андагы абал деле жакшы эмес. Себеби, дубалдарынан кеткен жараңка андагы жамаатты жабыркатып жатат. Бүгүнкү комитет отурумунда бул тууралуу да сөз болду. Кооптуу кырдаалдан чыгууда аталган музейди башка жерге көчүрүп чыгуу демилгеси да көтөрүлгөн. Бирок, ал ошол эле шаардын борбордук бөлүгүндө кала берип, жаңы имарттуу болуп калса, келген тарыхый мурастарга кызыгуучу коноктордун байма – бай каттаган ордосуна айланмак. Бул туризмден киреше табуунун бир жолу, - деди М.Сарбагышев.  

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү