Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Талант Мамытов Казакстан парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту

28-03-2022
13:15

Бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Алмата шаарында уюштурулган маарекелик отурумдардын алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Төрага Талант Мамытов боордош эки элдин бардык багыттагы кызматташтыгы жогорку деңгээлде экенин белгилеп: “Бизди бир туугандык, коңшулук мамиле менен катар стратегиялык өнөктөштүк алака бириктирип турат”, – деди.  

Ошондой эле ушул жылдын январь айында болуп өткөн окуяга байланыштуу көңүл айтты.  

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толгонун да эске салган Талант Мамытов: “Буга байланыштуу быйыл бир катар эки тараптуу жана жогорку деңгээлдеги иш-чаралар мерчемделген. Алсак, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев май айында Кыргызстанга расмий иш сапар менен келээри күтүлүүдө. Бул иш сапар эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгын жигердүү өнүктүрүүгө өбөлгө болот деген ишеничтебиз”,– деди. Муну менен бирге Маулен Ашимбаевди Кыргызстанга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Андан тышкары парламенттик байланыштар тууралуу да сөз кылган Талант Мамытов КМШ ПАА, ЖККУ ПА, ТүркПА өңдүү эл аралык уюмдардын алкагындагы алакаларга токтолду.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2021-жылы 1 млрд АКШ долларына жеткенин канаттануу менен белгилеп: “Бул биз үчүн чек эмес, 2 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Андыктан алакаларыбызды арттырып, товар алмашуу жаатындагы кызматташтыкты дагы да кеңейтүүбүз кажет. Бул үчүн чек аралардагы өткөрмө жайларын ачып, тоскоолдуктарды жоюу менен жүктөрдүн жана жарандардын эркин каттамын камсыздоо зарыл. Чек аралар боордош жана өнөктөш өлкөлөр үчүн ачык болуусу өтө маанилүү”, – деди.

Муну менен катар Төрага Талант Мамытов аймактар жана шаарлар аралык байланышты кеңейтүү маселесине токтолуп, Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда бир туугандык шаар мамилелерин орнотууну сунуштады.

Өз кезегинде Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, айтылган маселелердин бардыгын колдой турганын жана чакырууну кабыл алаарын билдирди.

Мындан сырткары, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө парламенттер аралык мамилелердин ролу жогору экенин белгилеп, анын ичинен КМШ ПАА ийгиликтүү диалог аянтчасына айланганына токтолду.

Ошону менен бирге январдагы окуяларга байланыштуу ЖККУ алкагында көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылыгын билдирип, Казакстан Президентинин кайрылуусунун негизинде ички саясатта ири реформалар жүргүзүлүп жатканын сөз кылды. Маданий алакалар тууралуу да пикирин айткан Сенаттын Төрагасы Бишкек шаарында уюштурулган Казакстан маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөнүн белгиледи. Ош жана Алмата шаарларынын кызматташтыгын арттырууга багытталган чечим да маанилүү экенин жана демилгени колдоорун кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү