Түз
эфир
Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунда алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Комиссиянын курамына Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев, Жанарбек Акаев, Нилуфар Алимжанова, Надира Нарматова, Нурланбек Шакиев, Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов, Шайлообек Атазов, Арсланбек Малиев жана Максат Сарбагышев кирди.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү