Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

06-10-2022
10:00

2022-жылдын 6 октябрында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Ар кандай маселелер;

2. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Айдарбеков Ч.А., Төлөнөв Д.Э., Алимжанов Ф.А., Атажанов Ы.Ы., Түмөнбаев А.Т., Акаев Ж.К., Примов У.Б., Султанбекова Ч.А., Жакышов Р.Ш., Атазов Ш.К., Ташиев Ш.К., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г.О., Шакиев Н.Т., Маткеримов А.Т., Түлөбаев Б.З., Осмонов А.Ж., Садырбаева Ж.Э., Сулайманов Э.Н., Ажибаев Ч.И., Бакасов У.Б., Эрбаев А.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет караган);

3. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.22деги кир. № 6-16542/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

4. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16811/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетБюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

5. “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 21.06.22деги кир. № 6-13227/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетБюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

6. “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 05.09.22деги кир. № 6-17251/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

7. “Мамлекеттик мүлктү башкаруунун жана менчиктештирүүнүн натыйжалуулугу маселесин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 27-апрелиндеги № 220-VII токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;

8. “Ички иштер чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.04.2022деги кир.№ 6-6536/22) (Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет караган);

9. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Бакасов У.Б., Таалайбек кызы Ж., Темирбаева М.О., Жакышов Р.Ш., Маткеримов А.Т., Султанбекова Ч.А.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

10. “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11218/22) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет караган);

11. “Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16749/22) (Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет караган);

12. “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир.№ 6-10261/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

13. “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 17.05.2022деги кир.№ 6-9304/22) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

14. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Исатбек кызы А., Маткеримов А.Т., Матраимов И.И., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Алиев М.К., Омурзаков С.А., Жакышов Р.Ш.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

15. “Дене тарбия жана спорт маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Бакасов У.Б., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И.) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган);

16. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы-пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын четке кагуу тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү