Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт

05-10-2022
10:00

2022-жылдын 5-октябрдында саат 10:00дө Жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтөт. 

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 24.05.22деги кир. № 6-10066/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

2.“2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 27.05.22деги кир. № 6-10474/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

3. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.03.22деги № 158 токтом) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет) (демилгечилер – депутаттар Сыдыгалиев Н.Ө., Айдарбеков Ч.А., Төлөнөв Д.Э., Алимжанов Ф.А., Атажанов Ы.Ы., Түмөнбаев А.Т., Акаев Ж.К., Примов У.Б., Султанбекова Ч.А., Жакышов Р.Ш., Атазов Ш.К., Ташиев Ш.К., Таалайбек кызы Ж., Култаева Г.О., Шакиев Н.Т., Маткеримов А.Т., Түлөбаев Б.З., Осмонов А.Ж., Садырбаева Ж.Э., Сулайманов Э.Н., Ажибаев Ч.И., Бакасов У.Б., Эрбаев А.Т.) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет );

5. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.22деги кир. № 6-16542/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетБюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

6. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жоболоруна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16811/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетБюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

7. “2022-жылдын 31-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 21.06.22деги кир. № 6-13227/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетБюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет);

8. “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 05.09.22деги кир. № 6-17251/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү