Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Социалдык объектилердин маселеси чечилет

02-03-2022
14:56

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өткөргөн Чүй областындагы көчмө жыйындын бир бөлүгү Москва районунун тургундары менен жолугушууга арналды. Анда айтылган аймактагы негизги көйгөйлөрдүн катарында дагы деле мектеп, балдар бакчалары менен жол курулуштарынын кур убаданын чегинен чыга албай жаткан жагдайы айтылды, - дейт бүгүн, 2 - мартта "Парламент" радиосунда болгон Жогорку Кеңешке "Ыйман Нуру" фракциясынан депутат Винера Раимбачаева.

“Москва районун Александровка айылындагы балдар бакчасы, Сокулук районуна караштуу Жакшылыков атындагы №1 гимназия мектебинин курулушу да орто жолдо токтоп турганын көрдүк. Тармактык комитет өкүлдөрү менен бирге барган курулуш чөйрөсүндөгү  адистер ушул жогоруда айтылган курулуш объектилери ушул жылы толугу менен аягына чыгып, пайдаланууга бериле тургандыгын билдиришти”, - дейт депутат.

Ошондой эле эл өкүлү аймактагы жолдордун абалы, анын жээгиндеги жол белгилеринин жоктугу коопсуздук маселесинде бир топ көйгөйлөрдү жаратып жаткандыгын айтып, маселени чечүүдө асмакөпүрөлөрдүн жардамын карап көрүүнүн максатка ылайыктуулугун белгиледи.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы