Жогорку Кеӊеш депутаттары КР Өкмөтүнүн иш программасын жүзөгө ашырылышы боюнча сунуш-пикирлерин ортого салышты

09-11-2016 18:14

Бүгүн, 9-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызмат ордуна талапкер Сооронбай Жээнбеков жаӊыдан түзүлүп жаткан КР Өмөтүнүн түзүмү, курамы, иш программасы жөнүндө баяндамасынан кийин эл өкүлдөрү жаңы өкмөттүн курамына сунушталган талапкерлердин өлкөнүн экономика, айыл чарба, коопсуздук жана башка тармактарын өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерине, максаттарына кызыгышты.

Агрардык өлкө болгон Кыргызстанда суу, сугат суу маселеси маанилүү деген айрым депутаттар Суу чарба департаментин өзүнчө орган кылып, аны күчтөндүрүү керектиги белгиленди. КР Улуттук өнүктүрүү стратегиясында белгиленген максаттар тармактык министрликтердин ишмердүүлүгүнүн жол картасы болушу зарыл деген ой-пикирлер айтылды. Айрым депутаттар малдын башын идентификациялоо улам-улам создугуп жатканын, эми ал иштер ар бир айылдагы ветеринарларга тапшырылгандыгын, ошол эле учурда кээ бир айылдарда ветеринар адистер жоктугун айтып, бул маселеге олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Депутат Өмүрбек Текебаев маанилүү экономикалык максаттардын бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу КР Өкмөтүнүн программалык долбоорунда жалпылап киргизилгендигин сынга алды. Ал муну менен катар административдик-территориялык реформа менен түздөн-түз байланыштуу Турак-жай программасын дагы ишке ашырууга көңүл бурууну сунуштады. “Өлкөдө коопсуздукту толук камсыздоо менен инвесторлордун агымы дагы күч алат дейт депутат Тынчтык Шайназаров.

Мамлекеттик бюжденттен каржыланган сапатсыз курулуштарга эч ким жооп бербегендигине токтолгон депутат Өмүрбек Бабанов жазасыз калтыруу акыры барып мыйзамсыз иш-аракеттерге алып келерине бир катар мисалдарды келтирди.

КР ЖК Басма сөз кызматы

Көрүүлөрдүн саны : 548

Окшош жаңылыктар