Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барат

18-02-2022
15:28

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов жетектеген парламенттик делегация 21-22-февраль күндөрү Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барат. Бул жолку иш сапар VII чакырылыштагы кыргыз парламентинин делегациясынын алгачкы расмий иш сапары болуп эсептелет. Буга чейин Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы В.В.Володин кесиптеши Т.Т.Мамытовду Россия Федерациясына расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Эки күндүк иш сапардын жүрүшүндө кыргыз парламентинин Төрагасы Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы  В.В.Володин менен жолугушат. Анда парламенттик кызматташтык, ЕАЭБтин алкагындагы бирдиктүү иш аракеттер, соода- экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Айрыкча миграция маселеси боюнча өз ара кызматташтыкка өзгөчө басым жасалат. Мында Кыргызстандын эмгек мигранттарын түйшөлткөн миграциялык каттоо, административдик чара көрүү маселелери жана жумуш берүүчүлөр тарабынан түзүлүүчү эмгек келишимдери туурасында сөз болот. Мындан тышкары кыргыз парламентинин Төрагасы өзүнүн кесиптеши менен Кыргызстандын жүк ташуучуларынын оорчундуу маселелери боюнча да пикир алышат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов жетектеген парламенттик делегация Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы  В.Матвиенко менен да жолугушат.

Ошондой эле делегация мүчөлөрү Мамлекеттик Думадагы “Кыргызстан” көргөзмөсү менен таанышып, Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде болушат.

Расмий делегациянын курамы:

- Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

- Ормонов Улугбек Зулпукарович - Жогорку Кеңештин депутаты, «Ишеним» парламенттик фракциясынын лидери;

- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич - Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери;

- Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович - Жогорку Кеңештин депутаты, «Ыйман нуру» парламенттик фракциясынын лидери;

- Мажитова Шарапаткан - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Айдарбеков Чингиз Азаматович - Жогорку Кеңештин депутаты;

- Самыйкожо Мирлан – Жогорку Кеңештин депутаты;

- Сулайманов Эльдар Нурланович - Жогорку Кеңештин депутаты.

КР ЖК Төрагасынын басма сөз катчысы