Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму өтөт

19-01-2022
09:49

19-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Отурум саат 10:00дө парламент имаратынын Жыйындар залында башталат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Иманов Талантбек Орускуловичти дайындоого макулдук берүү жөнүндө (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет );

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору (депутат Саккараев Медербек Джаманкулович жөнүндө) (Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет);

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы