Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кеп комитеттердин аталышында эмес, кеп аткарылган иште

12-01-2022
16:27

Депутаттар бүгүн, 12-январдагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун карашты. Анда парламенттин 8 тармактык комитети иш алып барары анык болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Эмил Токтошев "Парламент" радиосуна курган маегинде билдирди.

“Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 8 комитеттин бири. Буга чейинки VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеште бул эки башка комитет болчу. Аталган тармактардын карай турган суроолору өтө көп. Ошондуктан, ири тармактардын иши татаалдашпоосун туура көрөт, - элем. Мисалы, министрликтердин чегинде чечмелей келсек, бир кезде Каржы жана экономика министрликтери бир аталыш менен бир түзүмдө иш алып барган болсо, акыры иштин жыйынтыгы эки башка министрликтин зарылчылыгын көрсөтүп, кайра эки министрлик өз – өзүнчө иш алып бара баштады. Комитеттердин деле деңгээли эки башка багыттагы иштердин көптүгүнөн араба тарта албай калбашы керек”, - дейт Э.Токтошев.

Ошондой эле ал, - кеп комитеттердин аталышында эмес, кеп аткарылган иште экендигин айтып, - кезеги келгенде бул суроого кайра кайрыла турган убакыт болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы