Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады

31-12-2021
12:52

Казакстан Республикасынын парламентинин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин Талант Мамытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады.

Өз куттуктоосунда Кыргызстан менен Казакстандын салттуу достук мамилеси жана стратегиялык өнөктөштүгү мындан ары да бекемделе берээрине ишенээрин айткан Нурлан Нигматулин: “Албетте бул багытта эки өлкөнүн парламенттери олуттуу салым кошуп, элибиздин кызыкчылыгы үчүн эмгектене берет деп эсептейм”, – деди.

Ошондой эле Талант Мамытовго жана жалпы боордош кыргыз элине жакшы тилектерин жолдоду.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы