Кечээ, 12 - декабрда адабият күнү белгиленди. Бул датага арналып уюштурулган иш чаралар тууралуу баяндап, белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Абибилла Пазылов "Парламент" радиосунда болду.
Убагында Кыргыз эл акыны, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Эгемберди Эрматов тарабынан демилгелип, 12 – декабрь мындан туура 10 жыл мурда адабиятчылардын майрамы катары маанилүү даталардын тизмесине киргизилген эле. Бул жакшы чечим болгондугун белгилеген студия мейманы, - Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган пьесалардын мазмуну боюнча айтып берди.
“Кош, Гүлсары” инсценировкасы, Жаабарс пьесасы боюнча режиссерлор Таалай Касымалиев, Алмас Сарлыкбеков менен тыгыз иштешип, көрүүчүлөргө көөнөргүс көркөм дөөлөт тартуулоодо талыкпай изденгендигин белгилеген жазуучу, драматург А.Пазылов, - учурда өзү иштеп жаткан Чүй областтык драма театры көчмөндөр театры катары журт аралап, маданий мурастарды элге жеткирүүдө мээнеткечтик менен ийгиликтерди жаратып жаткандыгына токтолду. Ошондой эле ал, - “Белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаевдин жетекчилигинде аткарылып жаткан иштер жаңычылдыкка жарык берип жатканы кубандырат”, - дейт.
Алыстагы Алай жергесинде өткөн “Тоо театры” аталышындагы кароо – сынактарга каражаттын, унаанын жоктугунан катыша албай калгандыгына токтолгон А.Пазылов, - бюджет маселесин караган учурда парламент маданият тармагына жетиштүү көңүл бурса, - деген суранычын да билдирди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы