Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сыйлык салмагы сыймыктуу!

09-12-2021
13:17

Депутат Айнуру Алтыбаева “Парламент” радиосунда болуп, заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы адабий сыйлыктын мааниси тууралуу ой бөлүштү. “Жогорку Кеңештин V чакырылышы кабыл алган мындай чечим КМШ ПААнын алкагында Кыргызстандын демилгелүү аракетин айгинелей алды”, - дейт эл өкүлү.

Эл аралык мааниси бар бул сыйлыкты белгилөө тууралуу Кыргыз парламентинин токтому кабыл алынган. Анда сыйлыктын каражаттык компенсациясы 30 миң доллар өлчөмүндө белгиленген. Азыркы сунушта ушул сумманы 1 млн. сом деп белгиленди, - деди депутат.

Адабий мындай сыйлыкты тапшыруу салтанаты Санкт – Петербург шаарында КМШ ПАА жайгашкан Таврия сарайында өтөт. Аталган шаардын тарыхый жерлеринде замбирек үнү аркылуу адабий сыйлыктын  символикалык белгилениши да салтка айланды, - деген А.Алтыбаева, - КМШ ПАА алкагындагы Кыргызстан тарабынан сунушталып жаткан бир топ моделдик мыйзамдар, өз ара кызматташтык долбоорлору тууралуу да айтып берди.

 

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы