Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Коңшулаш колдоочуларга ырахмат

07-12-2021
13:32

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Ѳзбекстан Республикасынын Ѳкмѳтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, Өзбекстан Республикасы тарабынан Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык - драма театрынын  имараты реконструкцияланат. Жабдуу иштери да колго алынат. Бул багыттагы макулдашуунун  долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында каралды. Талкууда айтылган маселелер тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Акыл Кемеловдон “Парламент” радиосунун эфиринде маалымат алдык.

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан демилгеленип жаткан макулдашуу долбооруна ылайык,  капиталдык оңдоп – түзөө жумуштарына 5 млн. евро жумшалат. Буга аталган театрдын каркасы гана калтырылып, имарат баштан – аяк кайра жаңыртылып курулуп чыгат, - дейт эл өкүлү.

800 көрүүчүгө ылайыкталган аталган театрдын жаңы имараты үчүн коңшу колдоочу тарапка ыраазычылык билдиришибиз керек, - деген парламентарий, - ошол эле мезгилде маданият кызматкерлеринин мээнети калыс бааланса жакшы болмок, - дейт. “Алган айлыктын аздыгынан бир жумуштан экинчисине чуркап иштеген өнөр адамдары өзгөчө мамилеге муктаж. Музыкалык аспаптарын жондоруна асынып алып жол жүрүп, жүгүрүп иштеген таланттар татыктуу баасын алса, берилчү сыйлыктардын да баркы кетпес эле”, - деп кошумчалады депутат.

“Канчалык шарт түзүлбөсүн, чыгармачыл адамдардын изденип иштеген аракеттерин көрүүгө келгенде зал толбогон театрлар, айыл – айылдардагы маданий жайлардын жарытымдуу иштебей жатканы маанай көтөрбөйт”, - деп элдин маданиятка болгон мамилесинин улам жогорулап туруусун тилеген А.Кемелов, - үмүттүү ишенимге керпилдик керек, - дейт.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы