Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КМШ ПААнын кезектеги жыйындары башталды

25-11-2021
13:07

Бүгүн, 25-ноябрда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея Кеңешинин отуруму өтөт. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеӊешинин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева жана депутат Айнуру Алтыбаева барган.

Отурумдун алкагында алгач Жогорку Кенештин депутаты Айнуру Алтыбаева КМШ ПААнын  Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн эл өкүлү парламенттер аралык карым-катнашты жакшыртуу жана өз ара кызматташтыкты өнүктүрүү багытындагы ой-пикирлерин ортого салды. Муну менен катар мамлекеттер ортосунда стратегиялык кызматташтыкты бекемдөө, туризмди өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо  жаатында да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Белгилей кетсек, КМШ ПАА 1992-жылы 27-мартта түзүлгөн. Тогуз мамлекеттин парламенттери мүчөлүк кылган Ассамблеянын башкы кеӊсеси Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында жайгашкан.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы