Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Баа саясатындагы теске салуулар

24-11-2021
11:14

Жергебизде 15тен ашык күйүүчү май ташып иштеген ири жеке субъектилер бар.  Алардын үчөө сатуу рыногунда үстөмдүк позицияны ээлеген “Газпром”, “Ростнефть” жана "Red Petroleum” май куюуучу жайлары. Алар монополиялык шартты карманып турушат. Буларга карата атаандыштык багытындагы мыйзам чегинде иштер жүргүзүлөт, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков  23 – ноябрда "Парламент" радиосуна курган маегинде. Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралган кечээки маселелердин арасында дал ушул атаандыштыкка арналган мыйзам долбоору да бар эле.

Адатта, баалардын алдын ала аныкталып жатканы нефтетрейдердин Ассоциациясы, бул багытта иштеген тиешелүү союз тарабынан коомчулукка жарыяланып кетиши ыктымал. Бирок, баалардын кескин жогорулашына жол берилбейт. Этап – этап менен элге оорчулук келбегендей жагдайларын биздин кызмат тескеп, көзөмөлгө алып турат. Алдын ала эскертмелер берилип, мониторинг жүргүзүлөт, - дейт Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору.

Күйүүчү майлардын 90%ы Россиядан ташылат. Биржалык товар менен иштеген  кызмат көрсөтүүлөрдүн бул түрү боюнча Россиянын 4 ири заводу менен келишим түзүлгөн. Андагы бензиндин дүң баасы 130%га, ал эми дизелдик отунга болгон баалар 70%га чейин жогорулап кетти. Акциз салыгы, кошумча киреше салыгы, транспортировкалоо жагдайлары да баага таасирин тийгиздүүдө, - дейт адис.

Ошондой эле Кеңешбай Тайлаков, - мамлекеттик мекемелерде ПЦР - тест тапшыруунун тариф  саясатындагы санаага салган көрүнүштөргө чекит коюлгандыгын белгилеп, бир кездеги 1500 - 2000 сомдон ашкан анализ баалары 800 - 900 сомго ылдыйлагандыгын айтты. Мындай шарт менен эл 130 млн сомдой үнөмдөөгө жетишет. Жалпысынан ушул жылдын 10 айында мамлекет бюджетине 150 млн. сомго жакын каражат которулду. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 10 – 15%га жогору, - деп  кошумчалады ал.

Уктуруу жүрүшүндө ошондой эле көмүр бааларынын барктануусуна жол бербөө багыттары иштелип чыккандыгы айтылды. “Эгерде баалар 1 ай ичинде 20%дан ашык жогорулап кетсе, аны теске салып чара көрө турган Министрлер кабинетинин укугу колдонулат”, - дейт К.Тайлаков.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы