Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучу, төраганын орун басары Аида Касымалиева Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнүнө карата уюштурулган конференцияга катышты

19-11-2021
16:36

Бүгүн, 19-ноябрда «Жаратуучу жана тайманбас: Кыргызстан аялдарынын ийгиликке карай 30 жылдык жолу» аталышындагы конференция өтүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучусу, төраганын орун басары Аида Касымалиева, мамлекеттик органдардын, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.  

Сөз башында, Жогорку Кеңештин Төрагасынын милдетин аткаруучусу, төраганын орун басары Аида Касымалиева, Жогорку Кеңештин атынан иш-чараны уюштурган “Курак” Аялдар форумуна жана башка өнөктөш уюмдарга ыраазычылыгын айтып: “Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия чөлкөмүндө айымдардын ишкердик ийгиликтери - гендердик теңчиликке жетишүүдө чоң маанилүү ролду ойнойт”,- деп билдирди.

“Миллиондогон аялдар үчүн ишкердик бул - экономикага катышуунун, алардын үй-бүлөлөрүнүн, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуунун, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүнүн негизги жолдорунун бири. Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда айымдардын ишкердигин колдоо мамлекеттин приоритеттүү багыты катары каралып, өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында, программаларында негизги милдеттерди катары камтылган”, – деп баса белгиледи.

Конференцияда Бүткүл дүйнөдөгү аялдардын ролу, анын ичинде Кыргызстандын айымдарынын мамлекетти өнүктүрүүдөгү салымдары, социалдык жана укуктук абалы, ишкердик  жактан пайдалуу бизнес өнүктүрүүсү талкууга алынып, ошондой эле лидер аялдардын жаматтарын бириктирүү жана колдоо, ишкер айымдарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана шарт түзүп берүү маселелери каралды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы